21:32, 13-март, 2026

Кыргызстандан Түркияга 5 айда канча адам барган? Туристтер арасындагы белгилүү жайлар

На русском
17:40, 10-июль, 2021 364

АКИpress - Болжолдуу маалымат боюнча, ушул жылдын май айында Түркияга Кыргызстандан 5533 турист барды. Мындай маалыматты Түркиянын Туризм жана маданият министрлиги жарыялады.

Ал эми Борбор Азиядагы өлкөлөрдү карап көрсөк, Казакстандан Түркияга май айында 10 миң 107 эс алуучу барган. Өзбекстандан 7415 турист, Тажикстандан 1915 турист барды.

Евразия экономикалык биримдигиндеги (Кыргызстан менен Казакстандан тышкары) өлкөлөр боюнча:

- Россиядан Түркияга май айында 19 миң 314 адам;

- Беларустан 18 миң 42 адам;

- Армениядан 529 адам барган.

Коопсуздук боюнча башкы башкармалыктан алынган алдын ала маалыматтар боюнча, май айында Түркияга чет өлкөлөрдөн жалпы 936 282 мейман барган. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырганда 3038,83 пайызга жогору.

2021-жылдын январь-май аралыгында Кыргызстандан Түркияга 27 миң 464 адам учкан.

Башка өлкөлөр боюнча көрсөткүчтөр:

- Россиядан — 571 362 адам;

- Беларусь Республикасынан — 32 536 адам;

- Казакстандан — 52 841 адам;

- Армениядан — 2350 адам.

Борбор Азия өлкөлөрү боюнча көрсөткүч:

- Өзбекстандан — 68 598 адам;

- Тажикстандан — 13 460 адам.

Түркиянын Туризм жана маданият министрлигинин маалыматына таянсак, 2021-жылдын май айында чет өлкөлүктөр көп барган 5 провинция:

1) Стамбул — 41,08% (384 630),

2) Анталия — 31,15% (291 653),

3) Эдирне — 10,42% (97 546),

4) Мугла — 3,99% (37 386),

5) Измир — 2,21% (20 732).

2021-жылдын январынан майга чейин көп конок барган 5 провинция:

- Стамбул — 55,32% (2 035 662),

- Анталия — 19,44% (715 418),

- Эдирне — 10,44% (384 154),

- Шырнак — 2,54% (93611),

- Анкара — 1,74% (64 090).

Муну менен туристтер арасындагы эң белгилүү аймактардын 2-сабына Анталия чыккан.

Түркиянын Туризм министрлиги Анталиядагы объекттердин бири — Перге шаары жана тарыхый Калеичи шаары менен тааныштырды.

Перге шаары Анталиянын борборунан чыгышка 18 чакырымда жайгашкан.

Перге — Памфилиядагы шаарлардын бири. Ал б.з.ч. XII-XIII кылымдарда курулган. Шаар Лидия менен Перс бийлигине өткөндөн кийин Александр Македонскийге баш ийген (б.з.ч. 334-жыл). Бул шаардан табылган айрым объекттер Антальядагы музейге экспонат катары берилет. Казуу иштери акыркы 70 жылдан бери жүргүзүлүп жатат. Ал эми шаардагы дубалдар Александр Македонский учурунда курулган.

Анталияын борборунда байыркы Калеичи (Kaleiçi) шаары да жайгашкан. Андагы дубалдарда эллинистикалык, рим, византиялык, селжук жана осман доорундагы эмгектер чагылдырылган.

Калеичи шаарына Рим доорундагы Адриана дарбазасы аркылуу кирүүгө болот. Ал Рим императору Адриананын атынан б.з.ч. 130-жылы курулган.

Калеичиде ошондой эле Минарета Йивли комплекси бар (негизги курулуштар Минарет Йивли, Йивли мечити, Гияседдин Кейхусрев медресеси, Сельджуков медресеси ж.б.)

Минарет Йивли Антальядагы эң алгачкы ислам архитектурасынын үлгүсү. Ал селжуктар тарабынан VIII кылымда курулган.

Ошондой эле Каратай медресеси, 140 чарчы метрди ээлеген Караалиоглу (Karaalioğlu) паркы бар.

Хыдырлык (Hıdırlık) мунарасы тууралуу айтсак, биздин доордун 2-кылымында курулуп, Караалиоглу паркында жайгашкан. Мунаранын бийиктиги 14 метрге жетет.

  • Туристтик объектилер менен тааныштырган бул иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана туризм боюнча өкүлчүлүгү тарабынан Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Түркиянын Туризмди илгерилетүү жана өнүктүрүү агенттиги (TGA) тарабынан уюштурулган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»